Кечээ, 22-мартта Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Ошондой эле Исаковдун буйругу менен Чүй облусундагы Москва районунун акими Талай Иманкулов, Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Элмира Медетова кызматынан алынды.
Жогоруда аты аталгандардын кызматтан алынышынын себебин азырынча өкмөттүн маалымат кызматы билдире элек.