Украинанын депутаты Надежда Савченко камакка алынды

Украинанын депутаты Надежда Савченко "мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан" деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу кечээ, 22-мартта чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк депутаттар Савченкону кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Украинанын башкы прокурорунун өтүнүчүн колдошту. Савченко сыртка чыгып, өз тарапкерлери менен сүйлөшүп, кайра киргенден кийин кармалды.

Буга чейин 16-мартта башкы прокурор Юрий Луценко Савченкону "парламентте теракт кылууга даярданган" деп айыптаган. Ал аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратып, камакка алууга уруксат берүүнү Жогорку Рададан өтүнгөн. Кечээ депутаттар башкы прокурордун сунушун колдоп, Савченкону депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратып, камакка алууга уруксат беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан