Бишкекте коомдук транспорттордун багыты убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы унаа жолдорун оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук транспорттордун жүрүү багыты убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

№18-каттамдагы автобустар - Термечиков көчөсүнүн жабылуусуна байланыштуу Маликов, Алыбаев, Репина жана Лев Толстой көчөлөрү менен жүрөт. Ал эми калган багыты мурдагы схема менен улантылат;

№7-каттамдагы автобустар - Чүй кең көчөсүндөгү Жаш Гвардия бульварынан Манас кең көчөсүнө чейинки тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Ошол себептен Жаш Гвардия бульвары, Киев көчөсү, Манас жана Чүй кең көчөлөрү менен жүрүп, калган жолу мурдагы багыты менен улантылат;

№22-каттамдагы автобустар - Фучик, Рыскулов, Жаш Гвардия, Фрунзе, Тоголок Молдо, Жибек Жолу, Абдрахманов, Щербаков жана Кыргыз көчөлөрү менен убактылуу жүрөт, ал эми калган маршруттук багыты ошол бойдон сакталат;

№8-автобустук маршруту Маевка айылына чейин Кожобергенов, Садырбаев, Түштүк магистраль, Асаналиев, Лев Толстой, Жаш Гвардия, Киев, Бейшеналиева, Чүй жана Жаш Гвардия көчөлөрү менен убактылуу жүрөт;

№42-автобустук маршруту Дэн Сяопина, Фучик, Москва, Бейшеналиева, Киев, Турусбеков жана Чүй көчөлөрү менен жүрүп Веселая, Көлбаев көчөлөрү менен багыты улантылат. Аталган автобустук маршруттун калган багыты ошол бойдон сакталат;

№38-автобустук маршруту да Дэн Сяопина, Фучик, Москва, Бейшеналиева, Киев, Турусбеков, Чүй көчөлөрү менен жүрүп Веселая, Көлбаев көчөлөрү менен багыт улантылат. Аталган автобустук маршруттун калган багыты ошол бойдон сакталат;

№9-автобустук маршруту Иса Ахунбаев, Малдыбаев, Айни, Чыңгыз Айтматов, Бакаев, Лев Толстой, Кулиев, Москва, Фучик, Чүй көчөлөрү менен убактылуу жүрөт;

№6-автобустук маршруту Ахунбаев, Малдыбаев, Айни, Гагарин, Бакаев көчөлөрү менен убактылуу жүрөт;

№8-троллейбустук маршруттун акыркы аялдамасы Лермонтов көчөсүнөн Чыгыш автобекетине чейин убактылуу которулат;

№2-троллейбустук маршруту "Аламүдүн" жана "Ош базары" аркылуу өтүп Шопоков (түштүк багытты көздөй) жана Абдрахманов (түндүк багытты көздөй) көчөлөрү менен барып, Чүй, Киев, Бейшеналиева, Фучик жана Москва көчөлөрү менен убактылуу жүрөт;

Ал эми №9-троллейбустук маршрут Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу толугу менен каттамы токтотулат;

№11-троллейбустук маршрут Жибек Жолу кең көчөсүнөн Чыгыш автобекетине чейин убактылуу жүргүзүлөт;

№14-троллейбустук каттамынын акыркы аялдамасы жогорку Жалдан 8-кичи районго которулат. Тактап айтканда, Байтик баатыр, Киев жана Манас көчөлөрүнө убактылуу которулат;

№15-троллейбустук каттам Асанбай кичи шаарчасынан Токонбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Горький көчөлөрү менен жүрүп, Тунгуч жана Депо-2 кичи шаарчалары багыты боюнча убактылуу жүрөт.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы микроавтобустук маршруттардын да каттамы өзгөрүүлөрүн кошумчалашты. Бирок микроавтобустук каттамдардын убактылуу өзгөрүүсү оңдоло турган жолдун жабылуусуна көз каранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2018-03-23 11:36:24
jibek jolun 5metr 5-6ai jazaibyz degile
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан