Чүй айылындагы жол кырсыгынан 3 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдирди. Маалым болгондой, 15-июнда болжол менен саат 19:30да Чүй айылында белгисиз унаа 3 жашар З.Гны сүзүп, из жашырып кеткен. Жыйынтыгында облустук ооруканадан аталган кыз көз жумган. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында аталган кылмышка шектүү 1996-жылы туулган М.М. кармалган. Ал 15-июнда атасынын Форд Транзит үлгүсүндөгү унаасы менен кичинекей кызды сүзүп алып, кармалып калуудан коркуп, качып кеткендигин мойнуна алган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.