"Өлкө калкы арзан интернет менен камсыздалып, сапаттуу электрондук тейлөөгө ээ болушат", - деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы. Билдирүүдө санариптик технологияларга байланыштуу жаңы жумушчу орундары түзүлүп, квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү боло турганы айтылат.
Бул иш-аракеттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 25 миллион доллар өлчөмүндөгү грант жана 25 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен "Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы" долбоорунун алкагында аткарылат.
"Долбоордун максаты - алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, маалыматтык-байланыш технологиялар тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикада санариптик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат. Долбоор "Таза Коом" программасынын алкагында ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, "Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) — Кыргыз Республикасы" долбоору 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү элементтеринин бири болгон демилгени ишке ашыруу үчүн негиз түзөт.