Ош шаарында жума намазда кургак учук оорусу тууралуу маалымат таратылат. Бул тууралуу USAID`дын "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун адиси Дильшат Хаитов билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-март - Эл аралык кургак учукка каршы күрөшүү күнүнүн алкагында бүгүн, 23-мартта "Сулайман-Тоо" мечитинде жума намазда "Кургак учук менен жабыркаган адамдарга жакшы мамиле кылуу жана аларды коомдон бөлбөө" деген темада баян жана илдет тууралуу маалыматтар айтылат.
"Мындай жол менен биз 2017-жылы башталган жумушубузду уланталы деп жатабыз. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү 1770 мечитте жума намазда кургак учук жана диндеги оорулуу адамдарга болгон мамиле тууралуу сөз болуп, маалымат таратылган", - дейт Хаитов.
24-март - Эл аралык кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Айтылуу немис микробиологу Роберт Кох 1882-жылы 24-март күнү кургак учук дартын тапкан.
Статистикага таянсак, өлкөдө кургак учук менен ооруган жарандардын эң жогорку көрсөткүчү 2001-жылы катталган. Анда 100 миң адамдын ичинен 168 адам кургак учук менен жабыр тартса, алардын 27си өлүмгө дуушар болушкан. Ал эми 2017-жылы кургак учук менен ооругандардын саны 168ден 90го чейин түшсө, өлүмгө дуушар болгондордун саны 27ден 5ке түшкөн. Башкача айтканда, 2001-жылдын көрсөткүчү менен 2017-жылдын көрсөткүчүн салыштырганда кургак учук менен жабыр тарткандардын саны 44 пайызга кыскарса, оорудан көз жумгандардын саны 5 эсеге азайган.