Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу гемофилия менен жабыр тарткан адамга операция жасалды

Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу гемофилия менен жабыр тарткан адамга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө гемофилия менен ооруган кишиге эндопротездөө жасалган. Операция Аскат Букарбаев аттуу бейтапка жасалган.

"Бул операция Орусия Гематологияны медициналык изилдөө улуттук борборунун профессорлору Владимир Зоренко жана Татьяна Полянскаянын жардамы менен жасалды. Оң жамбаш муунуна жасалган операция эки жарым саатка созулду. Бардыгы ойдогудай өтүп, учурда бейтап өзүн жакшы сезип жатат", - деп билдирген Онкология жана гематология улуттук борборунун директору Эрнис Тилеков.

Ошондой эле маалыматта орусиялык дарыгерлер кандын уюшуна атайын кымбат баалуу 400 миң даана концентратты бекер беришкени жазылган.

Кыргыз өлкөсүндө жалпы 370тей киши гемофилия менен ооруйт. Анын 127си - 16 жашка чыга элек балдар.

Гемофилия - кандын токтобой аккан өнөкөт оорусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momun74
2018-03-23 09:17:06
Ма Ша Алла! айыгып кетсин эртерек
+3
raykray
2018-03-23 11:57:27
Ой кудай 127 16га чыгалек балдар кудай сактасын ай,баарызба бекем ден соолук
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан