ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: 1937-жылы Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болгондон кийинки биринчи Конституцияны кабыл алган

1937-жылы 23-мартта Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болгондон кийинки биринчи Конституцияны кабыл алган.

Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү ролду ойногон. Кыргыз ССР Кеңешинин V съездинин 23-март күнкү жыйынында курамы 101 адамдан турган Конституциялык комиссия уюшулган.
Комиссияга Кыргызстан компартиясынын жаңы биринчи катчысы Максим Аммосов, Жаныбек Жээнбаев, Баялы Исакеев, Эркимбек Эсенаманов сыяктуу жооптуу кызматтагылар кирген. Конституцияда Кыргыз мамлекетинде социализм толук жеңди деп тыянак чыгарылып, баш мыйзамда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра уюштурулушу мыйзам түрүндө бекитилген.
23-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан