Мексикада сиам эгиздерин ажыратуу үчүн жүргүзүлгөн операция ийгиликтүү өттү. Чет элдик басылмалар жазгандай, ымыркайларга төрөлгөндөн 41 күндөн кийин операция жасалган.
"32 жаштагы эне кош бойлуулуктун 26-аптасында гана эгиздер бири-бирине жабышып өсүп жатканын УЗИ аркылуу билген. Балдардын көкүрөктөрү жана курсактары жабышып калган", - деп жазылат маалыматта.
Эне өткөн жылдын 15-декабрында кесарево жолу менен көз жарган. Сиам эгиздеринин салмагы 5 килограммдан жогору болгон. Аларды ажыратуу үчүн 2 сааттай операция жасалган. Дарыгерлер балдарды тынымсыз карап, алардын органдарынын баары тийиштүү деңгээлде иштеп жаткандыгына көзөмөл кылууда.