"Орусияга барып бекер иштеп келгенин айткан кызды дүкөнүбүзгө администратор кылалы дегенбиз, иштей алган жок" дейт жумуш берүүчүлөр

Орусияга сатуучу болуп иштегени барган Гуля (аты өзгөртүлгөн) жумуш берүүчүлөрдүн орой мамилесинен улам мекенине бир да сом айлык албай келдим деп редакциябызга кайрылган. Бул окуядан кийин жумуш берүүчүмүн деп Гулнар аттуу аял байланышка чыгып, айтылган сөздөр жалган экенин, жабырлануучу түзүлгөн келишимдеги тартипти бузганы үчүн жумуштан кеткенин айтып берди.

"Биз акыркы 4 жылдан бери Орусиядагы дүкөнүбүзгө кыргыз кыздарды алып барып иштеп жүрөбүз. Ошол сыңары эле декабрь айында сатуучу болуп иштегенге кыз керек болуп, Ош базарындагы радио түйүнгө жарыя бергем. Анан мага ушул кыз байланышка чыкты. Мен ага эмне жумуш, иштөө тартип кандай экенин да айтып бердим. Ал ата-энем оорукчан, иштешим керек деп айтты. Анан биз жумуш тууралуу көпкө сүйлөшүп, аягында келишимге кол коюп, 27-декабрда Калининград шаарына кетмек болдук. Менде анын сүйлөгөн сөздөрүнөн, тилди билгенинен улам аны дүкөнгө администратор кылсамбы деген да ой келген.

Мен өзүм Гуляны алып баргандан кийин жашай турган жерин, иштеген дүкөндү көрсөтүп, кыздарга баш-көз болгон күйөө балам, кызым менен тааныштырып, кайра Бишкекке кетип калдым. Гуляга мен көп жолу жумушту майда-чүйдөсүнө чейин үйрөн деп айттым. Себеби 1 жарым жылдан бери иштеген кызыбыз кетип жаткандыктан анын ордуна Гуля иштеши керек эле. Бирок мага күндө ал кыз тууралуу ар кандай маалыматтар угула баштады. Көбүнчө айтканды укпай, каяша айтып өзү каалагандай жүргөнүн айтышты. Ал иштебей жатып менден айлык да сурап жүрдү. Келгенине эми бир ай боло электе мен ага каяктагы акчаны беришим керек. Алгач жумушту үйрөнүп анан сураса да мейли дейм да. Анан дагы мен барып келишинин билетин алып бердим, ичкен-жегени булар эмне эсепке кирбейби? Анан дагы жөн жүрбөй иштеген кыздарды азгырып үйдө бир канча жолу жаңжал чыгарыптыр. Анан акырында кызым менен сүйлөшүп жумуштан кетирели деп чечтик", - деди ал.

Гулнар айымдын айтуусунда, кыз телефонун аэропортко жеткенде ыргытып жиберген, эч кандай кагазга кол койдуруу болгон эмес. Ошондой эле түзүлгөн келишимде учактын билети бекер болбогонун кошумчалайт.

"Мен бул кыздын оюн түшүнүп турам, анын оюнча алынган билеттер бекер болуп, биз эки айга жетпей иштеген акчасын беришибиз керек болгон экен. Мен эмнеге иштебей ызы-чуу чыгарган кызга айлык төлөшүм керек. Балким бул кыз алдамчы же менден акча өндүргүсү келип жаткандыр", - дейт жумуш берүүчү.

Ал эми учурда аталган шаардагы дүкөндү иштеткен Гулнардын күйөө баласы Нурлан аттуу мырза бизге байланышка чыгып, мындай окуялар орун албаганын, келгенине эки ай боло электе иштебейм деп айткандыктан учактын билетин алып, мекенине салып жибергенин кошумчалады.

Эске салсак, Орусияга 24 жаштагы Гуля "Ош базарынан" жумуш издеп жүрүп таанышкан Гүлнар аттуу аял менен өткөн жылдын декабрь айында кеткен. Ал дүкөндө сатуучу болуп иштеп, айына 20 миң рубль айлык акы ала турганы боюнча кагаз түрүндө келишим да түзүлгөн. Бирок аталган шаарга келгенде алданып калганын билип, мекенине кетүүгө жол издеп баштаганын SUPER.KG порталына билдирген. Кыз 24-февралда Свердлов РИИБине арыз менен кайрылып, жабыркаган адамдарынын сүрөтүн, телефон номерин жана тийиштүү документтерди тапшырганын айткан.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы: "24-февралда Свердлов РИИБине аталган жабырлануучудан арыз түшкөнү чын. Бирок арызда жазылган адамдын жашаган жери аныкталбагандыктан тергөөчү тарабынан кылмыш иши кабыл алынган эмес", - деп билдиришти.

Ал эми ушул эле окуядан кийин бизге дагы эки жаран жабырлануучумун деп өзүн тааныштырып, алар да ушул эле жумуш берүүчүлөрдө иштеп кетишкендиктерин, алар да Гуля кабылгандай эле орой мамилеге кабылганын, келишимдеги жазылган нормалар сакталбаганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jbolotov
2018-03-23 19:41:05
Арыз тушсо жашаган жери такталбагандыктан кылмыщ иши козголгон жок дегени кандай? СвердловскРИИБи силер законду билесинерби же каалаганда ишти таштап коёбересинерби? Прокуратура иш козгошу керек Сверд РИИБсине.
+31
meku89
2018-03-23 19:58:07
jbolotov,Акчаны кобуроок берип коюшту да ,анан кантип кылмыш ишин козгошсун. Адилеттуулук кайда калды билбейм
+20
Arlenchik
2018-03-23 20:15:51
Айыпталуучу тарап тигилердин сол чонтогуно уруп койду да, ошону мн ишти козгобой жаап коюшту, мына коррциянын кесепети, ишти ушунтип эле жаап коюшат, тиги акмактар бироонун эмгегин жегенинер туура эмес, тешип чыгат дейин десен мындай иштер жаккандарга жага берет экен.
+15
Sardarakam
2018-03-23 20:25:58
Гулнара айымды билем ал кыздарды алдап иштетип акча жасайт үстүнөн өллө жаман аял мисалы мындай бир иш айына 30,000 дик ишти кыздарга 20,000 кылып беретта 10,000 гулнаранын чөнтөгүнө түшөт өшентип бизнес жасайт бирөнүн кызын какшатып, бечера кыздврды алдап айылыгын жаримин берип калганын өзү алат ?
+20
Pchelka85
2018-03-23 21:13:42
Бул аялдан жабыркагандар коп окшойт. Баарынар чогулуп арыз жазбайсынарбы? Аранарда балким ьироонордун жашаган жеринер такталаат чыгар))) негизи мындай адамдар жоопко тартылыш керек. Канча адамдардын убалына калып атышат!!!!!
+12
Eli.91
2018-03-23 21:14:44
Уят эле бул аял кайсы бети менен маек берди?кыздын колу кыска болуп калды деп тияктагылардын ооздорун майлаганго чамасы?бечара кыз кызга боорум ооруду?буларды жакшы териштируу керек?мурда иштегендерди таап интервию алып коруш керек?
+11
karakulja
2018-03-23 21:18:58
Улуу урматтуу Президент! Ушуга окшогон афирист кыргыздарга карата жазылган арызга коз салып койсонуз!Акча мн арызды каттабаган пагондорду жумуштан алыныз. Бул буулуккан элдин уну!
+20
jbolotov
2018-03-23 23:13:36
karakulja, Улуу урматту деп кайрылганга татыксыз президенттер булар. Мекен учун улуу иш кылган адамдар болсо жарашмак
-10
taalay25
2018-03-24 00:23:53
Кыздар жердин тубуно 20 мин рублдик ишке да барасынарбы@@@
-7
ainur78007
2018-03-24 08:29:16
Эгер жакшы мамиле кылып,кыздарга жакшы толоп бере турган болсо,озунун тааныш,тууган адамдарынан эле артпайт болчу ал жумуш орду.Билгендер барбаган учун Ош базардагы радио узелден жарыя бергенда Гуля айым
+4
ZANIA-92
2018-03-24 12:27:02
Урматтуу Суперчилер,сураныч,ушул жашаган жери такталган жок деп кылмыш ишин козгобой койгондорду бирдеме кылгылачы. Алардын ушундай иш аракеттери жонундо макала жазасынарбы,айтор бирдеме кылгыла
0
taalay25
2018-03-24 13:36:51
20 мин рубль айлык акы деп анан квартира, тамак аш, проездке за свой счет болсо беш колун оозуна тыккан аял экен
-1
SHERBOLAT
2018-03-24 21:29:04
Кудай тешип чыгаткоо бир куну. Биронун эмгегин жеегенин учун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан