Бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, айдоочуларга сак болуу зарылдыгын эскертти. Маалым болгондой, 23-марттан 27-мартка чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордогу унаа жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.
Айдоочулар Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат, Арал-Суусамыр, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунун тоолуу бөлүктөрүндө кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгондуктан айдоочулар 500 метр аралыкты сактап айдоосу керек.
Буга чейин Кыргызгидромет аба ырайы тууралуу маалымат таратып, 23-26-март күндөрү облус аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин эскерткен.