Жогорку класстын окуучулары туура кесип тандоосу үчүн университеттердин жарманкеси өтөт

Бишкек шаарында 14-апрелде Кыргыз жериндеги университеттердин IV жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жарманкенин уюштуруучулары 9-11-класстын окуучуларына келечектеги кесибин тандоого жардам көрсөтүүнү максат кылышкан.

"Өлкөдөгү мектептерди аяктап жаткан окуучулардын көпчүлүгү жогорку окуу жайлар тууралуу маалыматынын жоктугунан кесип тандоодо кыйналат. Жетиштүү маалыматтын жоктугу жаш муундун туура кесипти тандай албай калышына алып келет. Ошондуктан ар бир абитуриент мектепти аяктаардан мурун окуу жайлар тууралуу, андагы багыттар, кесиптер тууралуу билиши керек", - дешет уюштуруучулар.

Жарманке Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өтөт. Ага 25 жогорку окуу жайдын, 15 билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышат. Ошондой эле 8 миң окуучу чыкырылган. Анын арасында аймактардан келе тургандар да бар.

Жарманкеге кирүү акысыз. Катышууну каалаган абитуриенттер үчүн эшик ачык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tynybek1989
2018-03-23 17:58:31
Кайсы жерде болот экен.адресин айтып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан