Швейцария Ош жана Нарын облустарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө 38 миллион сом берет

Швейцария өкмөтү Ош жана Нарын облустарынын 23 айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө 38 миллион сом грант бөлөт. Гранттык макулдашууга бүгүн, 23-мартта Бишкекте кол коюлду. Ага президенттик аппараттын, өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Швейцариянын элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Маалым болгондой, 15-мартта чакан гранттар программасынын сынагынын жыйынтыктары чыккан. Бул сынакка жалпысынан эки облустун айыл өкмөттөрүнөн 121 өтүнмө түшүп, комиссия долбоордун критерийлерине жана талаптарына жооп берген 80 өтүнмөнү карап чыккан. Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү ар бир өтүнмөгө коюп чыккан баллдарды кошкондон кийин сынакта эң көп балл алган 38 жеңүүчү аныкталган.

Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев 2018-жылы бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 миллион сомду түзөрүн айтты. "Сынакка түшкөн бардык өтүнмөлөр реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган коомдук угуулар жана айылдык чогулуштар маалында жергиликтүү жамаат талкуулап, артыкчылыктуу маселе катары өздөрү тандап алышкан. Көз карандысыз сынактык комиссия долбоорлорго баа берип, жеңүүчүлөрдү тандап алган. Эми жергиликтүү кеңеш жана жергиликтүү жамаат бул долбоорлордун ишке ашырылышын тикелей көзөмөлдөшөт. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаат муниципалитеттеги артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чогуу чечкенди үйрөнүшүп, адамдардын турмуш шартын биргелешип жакшыртышат”, - деди Бекиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tuke8686
2018-03-23 15:51:37
Болуп алат аныда
+1
cyrus
2018-03-23 15:58:15
Гранттар болунуп берилип эле атат, бирок бутуп жаткан корунуктуу бир иш жок
+1
pusur
2018-03-23 16:07:04
Бул акчаны жегичтер тез эле жеп коёт.
+1
Ulanchik91
2018-03-23 16:07:38
Границаны тоскула ал акчага
0
Okunboim.
2018-03-23 16:18:28
Ulanchik91,Бишкектин баткак жолдорун ондоп коюшса жакшы болмок озу КР учун кадыр барктуу борбор шаарыбыздын жолдоруна биз эле эмес мышык ыйлагыдай болуп жатат
0
Mamiev
2018-03-23 22:46:25
Канчалаган мамлекет акча болуп эле жатат миллиондогон акчалар келип жатат бир иштин бутконун корбойсун.Канчалаган акчалар он чонток сол чонтокко кетет.Чонтогунор качан толот жегичтер
0
ali1995
2018-03-23 16:33:34
Бербей эле койсун
-1
JaneEr
2018-03-23 17:02:09
Жыйынтык болсо экен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан