Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мён Бак коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ли Мён Бак пара алуу, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен жана мыйзамсыз фонд түзгөн деген айып менен күнөөлөнүп камакка алынды. Бул айыптарды мурунку президент Ли четке кагууда. Ал учурда бийлик башында тургандар бул иштерди атайын уюштуруп жатат деп эсептейт.
Сот экс-президентти бардык айыбы боюнча күнөөлүү деп тапса, анда ал 45 жылга эркинен ажыратылат.
Ли Мён Бак Түштүк Кореяны 2008-2013-жылдар аралыгында башкарган, учурда 76 жашта.
Айта кетсек, буга чейин 2017-жылы март айында Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе камакка алынган. Ал "пара алуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мамлекеттик сырларды таратуу" боюнча айыпталган.