Өкмөттүн басма сөз кызматы Башкы прокуратурага 250 миллион сомдун бөлүнүшү тууралуу маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.
Ага ылайык, Башкы прокуратура 2017-жылы "Альфа-Телеком" жана "Brasfortlimited" компанияларынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузууну аныктаган жана жыйынтыгында 5 миллиард 416 миллион сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 пайызын алуу укугу берилет.
"Бишкек шаардык райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен келтирилген зыяндын 1 миллиард 624 миллион сом суммасын (30 пайыз) прокуратура органдарына төлөп берүү токтомун чыгарган.
Өкмөттүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы буйругуна ылайык, 250 миллион сом өлчөмүндөгү сумма Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган.
Мындан тышкары, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 миллион сом бөлүнгөн, бул тууралуу "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
"Аталган каражат прокуратура органдарынын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган", - деп толуктады басма сөз кызматы.