Ноокатта түн ичинде кыйылган арчалар тууралуу ишти прокуратура карап жатат. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.
"Ноокат районунда жайгашкан Ата-Мерек айылында 50 сотыхка жакын жерде тигилген арчаларды аталган жердин ээсимин деген адам түн ичинде кыйып салган. Азыркы тапта бул иш боюнча экотехинспекция жана прокуратура изилдеп жатат", - деп билдирди Маматалиев.
Эске салсак, "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Ноокат районунда жайгашкан Ата-Мерек айылында 50 сотыхка жакын жерде өстүрүлгөн жашыл арчаларды бир түндө кыйып кетишти" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу
жөнөткөн.