Ош шаарындагы Бакыт үйүнүн абалы талаптарга жооп бербегендигин окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирген. Бул боюнча жооп алуу үчүн аталган шаардагы Бакыт үйүнүн жетекчиси Светлана Жороевага байланыштык.
"Мен бул кызматка келгенден бери эле бул жактын абалын оңдоого аракет кылып, Ош шаардык мэриясына, бир канча депутаттарга жана башка тиешелүү бөлүмдөргө кайрылдым. Оңдоп-түзөө иштерин өзүбүз эле жүргүзөлү десек, 2 миллион 200 миңден ашуун каражат керектелет экен. Бизде андай акча жок. Оштун мэриясынан да анчалык чоң суммадагы каражат жок экендигин айтышкан. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганбыз, алар өткөн жылы Бишкектеги Бакыт үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми Оштогу Бакыт үйүн быйыл жай айларында баштоого убада беришкен. Биз деле таза, абалы талаптарга жооп берген мекемеде иштегибиз келет, андыктан бул маселе жакында чечилет деп үмүт кылып жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле Бакыт үйүнүн алдындагы элге тоскоолдук жараткан унаалар Оштун мэриясына караштуу экендигин билдирди. Мындан улам Ош мэриясынын Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси Алтынбек Пирматовдон жооп алдык.
"Соңку жылдары Ош шаарында автоунаалардын саны абдан көбөйдү. Унаа токтотуучу жайлардын баары машиналарга толуп калган, унаа койгонго бош орун жок. Бакыт үйүнүн алдын тосуп, машина кире албай тургандай кылып көргөнбүз. Жыйынтыгында, жолдордо болуп көрбөгөндөй тыгын пайда болуп, элге ого бетер тоскоолдук жаратты. Чынын айтсак, эмне кылуу керектигин деле билбей калдык. Колдон келишинче көпүрөлөрдү салып, маршруттук таксилерди азайтып, ордуна автобустарды алып келип жатабыз. Ошентсе да тыгын азайган жок. Жолдорду дагы бир аз кеңейтип алсак, бул маселе чечилип калмак", - деди Пирматов.