Малика Дина: "Еркебулан экөөбүз чогуу түшкөн сүрөттөн сүйүү романын токуунун кереги жок"

Социалдык баракчалардын биринде ырчы Малика Динанын казак актёру Еркебулан Токтар менен чогуу түшкөн сүрөтү талкуу чордонуна түштү. Айрымдар алардын ортосундагы сүйүү мамилеси ачыкка чыкты деген билдирүүлөрдү жайылтууда. Бирок ырчы бул маалыматтарды четке кагып, SUPER.KG порталына алар кыз-жигит эмес экенин айтты.

"Мен Алматыга иш-чарага барган элем. Ошол семинарга казак актёру, досум Еркебулан дагы келген. Иш-чарадан чыккандан кийин шаар аралап, сүрөткө түшүп койгонбуз. Жөн эле сүрөт. Андан сүйүү одасын же сүйүү романын токуунун кереги жок", - дейт.

Белгилей кетсек, "Чыгармачылыкка кызуу киришем, иштейм" деген ырчы Малика Дина жакында эле казак актёру Еркебуланды клибине тартып, тыгыз байланышып калган. Алтургай 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүн Алматы шаарында чогуу тосушкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
NURTILEK_KG
2018-03-23 16:11:03
Ушул балага жабышып журосун сен озу.бирок ал сага анчалык жабышпайт экен.сен жакшы коруп калгансын ал баланы...
+16
Mr.Jack
2018-03-23 16:11:07
Роман токугудай эле тушупсун да чапталып. Кантип токубай койосун бул суротту коруп.
+18
Pandora
2018-03-23 16:12:49
Тааныш адамын менен эле кыналылышып тушо бериш керекпи? Кичине дистанция сакташ керек да.Талкуулангын келбесе,сурот жуктобо!
+19
Batma08
2018-03-23 16:21:51
Ал уйлонолек бала. Ишениш жок
+5
marat009
2018-03-23 16:27:20
Суйушкондор кунун озун Алматыга барып тосуп келипсин кыйраткансып,кыз башын ХХХХХХХХХХХх олтурсан уйундо
+12
zhykyo
2018-03-23 16:43:00
Барба экинчи аяка
+13
ekaterinburg
2018-03-23 17:09:52
Оббооо...Эл эмне дээрин билип туруп жуктодун да суротунду.Ушинткенин эч жакпайт да!
+6
Baku88
2018-03-23 17:22:04
Эми силерге эмне дейм да жүрсө жургондур суйлошсо суйлошкондур бактылуу болсун башкысы казакпы кыргызбы
-4
Nanei
2018-03-23 18:10:08
Малика озун ОЗУ пиар кылып чыга берет экенда унуткарбай. Мен мисалы унутуп деле калгам Эркебулан экоо чогу тушконун суротко,Эгер ОЗУ минтип жазып чыкпаса эстебейт деле болчум. Эми Айла жок экенда артисттерге
+10
00AbibhanovMunarbek0045
2018-03-23 18:39:32
Малика дина Еркебулан мн келишим тузуп озун пиар кылтат элдин конулун буруу учун
+3
Kanzada97
2018-03-23 20:02:22
Малика кызынды ойлочу.Ал жака барганча Андан коро апандын жанында кызынды эркелетип отурсан боло. Каяктагы бир эркек деп кыналып жабышып журбой.
+4
Hacker99
2018-03-23 22:18:57
Малика! Малика! Малика Дина сизди суйом
-1
Lilireinhart18
2018-03-23 22:20:16
Оозу кантет Маликанын
-1
almanbetperm
2018-03-24 11:54:27
Lilireinhart18, усталыйбы
-2
bekalife
2018-03-23 22:46:01
Эми сен баштадынбы Анжеликадан кийин
+5
Sarychelek9286
2018-03-24 19:03:37
Ким мн болсо да Оз бактынды таап бактылуу бол.унундо соз жок,анча мынча ырчылардан алдыда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан