Кыргыз мамлекетинде суу ресурстарынын 10 пайызы гана пайдаланылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев бүгүн, 23-мартта журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Депутат учурда суу ресурстарын пайдалануу үчүн кичи ГЭСтерди куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты.
"Бул мыйзам биринчи окууда 2017-жылы кабыл алынган. Азыр жарым жылдан ашык убакыт болду, мыйзам экинчи окууда кармалып турат. Кыргыз мамлекетинде суунун потенциалы абдан жакшы. Бирок биз анын 10 пайызын гана пайдаланабыз. Суунун бир куб метри - бул 1 киловатт саат электр энергиясы. Казакстан өткөн жылы кичи ГЭСтерин өнүктүрүүгө 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат салды. Бизде энергетиктер менен бизнесмендер мүмкүнчүлүк сурап жатат. Бирок бизде аны жөнгө сала турган мыйзам базасы толук эмес. 2019-жылдан тартып ЕАЭБ алкагында бирдиктүү энергетикалык базар түзүлөт. Ошондо бизге Орусияга жакшы баада электр энергиясын экспорттоого шарт жаралат", - деди Байпакбаев.