Бүгүнкү күндө чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандардын көйгөйлөрү боюнча болгон иш-чарада Орусиядагы мекендештерибиздин негизги маселелери каралды. Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев негизги маселелерди карап чыкканын айтты.
"Орусиядагы иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын биринчи маселеси - каттоо. Жакында дүйнөлүк футбол боюнча чемпионат өткөнү жаткандыктан, каттоонун жаңы түрлөрү киргизилди. Бул каттоо 11 шаарда жүргүзүлөт. Башкача айтканда, ошол шаарларга барган жаран бир күндүн ичинде катоого турушу керек. Бул чектөө 25-июлга чейин болуп турмакчы. Ал эми экинчи маселе - чет жерде каза болгон жарандардын сөөгүн эң жөнөкөйлөшкөн жол менен мекенине алып келүү. Негизи бул чоң көйгөйдү жаратып жатат. Себеби, 16дан ашык документ толтуруу көйгөйлөрү бар. Ошондуктан биз тараптан жарандарыбыз иштегени, окууганы же жеке жумуштары менен барып каза болуп калса деле ага өкмөт тарабынан 50 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөөнү сунуштап жатабыз", - дейт Шамшиев.