Өлкөдөгү энергетикалык системдин 60 пайызы эскиргени айтылды

"Өлкөдөгү энергетикалык системдин 60 пайызы эскирген", - деп бүгүн, 23-мартта журналисттерге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

Оморов учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирип, учурдагы энергетикалык жабдыктардын абалына токтолду.

"Учурда дүйнөдө энергиянын кайра жаралуучу булагы өнүгүп жатат. Бул күн нурунан, суу жана башка табигый байлыктар аркылуу энергетиканы өндүрүүнүн жолу. Азыр бул багыттагы мыйзам Жогорку Кеңеште абдан талкууланып жаткан чак. Бирок негизги маселе тарифте. Алардын тарифтери жогору болгондуктан энергетикалык тармак аркылуу компенсацияланат. Ал эми биздин энергетика тармагыбыз компенсация кылып бере албайт. Анткени энергетикалык системдеги жабдыктардын 60 пайызы эскирген", - деди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
pusur
2018-03-23 16:09:51
100% эчкирген, эмне 40%ин жанылап койдунарбы?
+1
Okunboim.
2018-03-23 16:11:03
Хе хе 600$ кычкач сатып алып ондоп койсонор) боло ))))) капчыгынар калындайт а так))) элди жакшы соз айтып алдап койсонор жакшы созго алданыыып отуруп беребиз)))
+3
nazarKGZ
2018-03-23 16:34:12
акчанын кобун ушул жака жумшап атабыз деп атышат баарын ХХХХХХХХХХХ
0
altyn7776
2018-03-23 16:38:45
АШАнын ХХХХХХХ
0
altyn7776
2018-03-23 16:43:29
тарифтерди которушкон ушул шылтоо менен. Кана эми жаныланганы?Бийлике келгиче кекиртеги айрылгыча бакырышат, кокуй электроэнергияны арзан кылам деп, аягы ушундай ...ХХХХХХХ
0
admin_media
2018-03-23 17:26:37
altyn7776, nazarKGZ,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлду.
-1
Ernic
2018-03-23 16:52:58
Муну да жаңырта көрбөгүлө!!! Эски боюнча тура берсин. Кокус бузулуп калып 1-2 жума свети жок калбайлы.
0
Baiaman997
2018-03-23 16:57:21
Аппетитинер кундон кунго ачылып баратат,
0
Kulatov
2018-03-23 17:46:18
Келгиле ушул байкуштарга акча чогултуп керектүү нерселерин жаңылап берели өкмөт элди бакпай эле эл өкмөттү багып калган го дейм
0
baimurat
2018-03-23 18:38:08
0
RaHat19
2018-03-23 20:08:15
эмне деген акчалардын кунун коруп жатышат арамдар.Энергетика эч качан бонкрот болбойт кичине болсо да элди алдабай эле койсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан