Өлкөдө жаз. SUPER.KG'нин аймактардагы окурмандары сүрөттөр менен бөлүштү

Өлкөдө жаз. Ызгаардуу кыш менен коштошуп, айланага, жаратылышка кайрадан жан киргендей өзгөрүлө баштады. Бак-дарак гүл ачып, күн жылуулап кыштактарда эл талаа жумуштары менен алек.
Ушул тапта айрым аймактарда күн жылуу болуп, мөмөлүү бактар гүл ачып турса, кээ бир райондордо кыштын суугу толук кете элек. Бүгүн SUPER.KG порталынын ар аймактардагы окурмандары өздөрү жашаган жердеги жаз мезгилиндеги кооз көрүнүштөрдү сүрөткө тартып жөнөтүп, бул мезгил тууралуу ой бөлүштү.

Сиздерге окурмандардан келген сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.

Окурмандардардын билдирүүсүнө ылайык, ушул тапта өлкө аймагында өрүк гүл ачып турган чак. Эрте быша турган өрүктөр гүлүн төгүп калды дегендер да бар. Өрүктүн сүрөттөрүн Баткен жана Ош облусундагы жашоочулар жөнөтүштү.

"Бул учурда бизде нарцисс гүлү гүл ачып, айлананы кооздукка бөлөйт", - деп жазды Өзгөн районундагы окурман.
"Ал эми Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында короо жумуштары менен алекмин. Бизде шабдалы гүл ачып калды", - деп айыл тургуну жаздагы сүрөттөрү менен бөлүштү.
Сүйлөшүүгө Лейлек районунун тургуну кошулуп, ал жашаган аймакка быйыл жаз эрте келгенин айтты. Окурмандын айтымында, февралдын аягында эле Лейлекте бадамдар гүл ача баштаган. Учурда анын гүлү күбүлүп түшүп, мөмө байлай баштаган кези. Бадамдын гүл ачкандагы сүрөтүн Жалал-Абаддын тургуну да жөнөтүп, аталган облуста бадам ушул тапта гүлдөп жатканын кошумчалады.
Бизди да жаз жаратылыштын кооздугу менен бөлөп турат. Өрүк, бадамдар бизде да гүл ачты. Күн жылып, эл жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүүдө. Мен Кадамжайдагы байчечекейлер менен бөлүшкүм келет", - деп жазылат кийинки катта.
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы окурман айылда жаз келип, күн жылып, короо, бакчаларды даярдоо менен алек экенин айтты. Ал учурдагы сүрөттөрү менен бөлүштү.
Бул арада Түштүк Кореяда жүргөн мекендешибиз бул өлкөдө жаздын келиши сакуранын гүлдөшү менен коштолорун айтты. "Дагы 1 апта аралыгында сакуралар гүл ачып, айлананы кооздукка бөлөйт. Бирок өлкөнүн ысык жактарында минтип гүл ачып калгандары бар", - деп жазды ал.
Жаз тууралуу сүрөт бөлүшүүгө кошулган Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мекендешибиз Кыргыз жерин сагынганын билдирди. Айтымында, ал жүргөн шаарда дагы деле кыш өкүм сүрүп жатат.
Сөз соңунда Сары-Челек коругунун Аркыт айылынын жашоочусу өзү жашаган жердин "Жаздагы сүрөт" деген сүрөтүн жөнөттү. Порталдын окурмандары "бул аймакта суук экени сүрөттөн байкалат" деген пикирлерин айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pchelka85
2018-03-23 19:15:11
Эххх.... А Питерде кыш кете элек((((((
+1
nurgazy1115
2018-03-24 01:51:06
Pchelka85,айтпа кар дагы эле жаап жататко
+1
Cleo-13
2018-03-23 21:09:13
Оруктун гулун сагындым
+3
nanana
2018-03-24 10:09:33
Жылуулоо-уйду жылуулоо дегендей колдонулат го. Кун жылуулап калды деген созду эч укпаптырмын, дайыма кун жылып калды дейбиз го. Кунду кантин жылуулайбыз, устуно чапан жааппы? Анан дагы олкодо жаз деп туруп, Корея, Санкт-Петербургду кошуп койгонунуздарга жол болсун...
+1
Ferdews
2018-03-24 16:48:37
Кааранындан кагылайын мекеним.А бизде дагы деле кыыыш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан