Сеулда мэриянын кызматкерлери жумуштан өз убагында кетиши үчүн жума күндөрү компьютерлери автоматтык түрдө өчүрүлөт

Сеулдун мэриясы өз кызматкерлерин жума күнү жумуш убактысы бүткөн соң кармалбастан өз убагында үйлөрүнө кетүүгө мажбурлайт. Бул үчүн кызматкерлердин компьютерлерин атайылап өчүрүп коюшат. Бул тууралуу аталган шаардын администрациясына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, мындай демилге ушул жылдын 30-мартынан тартып башталат жана 3 айга созулуп, 3 бөлүккө бөлүнөт. Биринчи бөлүктө компьютерлер саат 20:00дө өчүрүлөт. Экинчи бөлүк апрелде башталып, анда компьютерлер 30 мүнөткө эрте, тактап айтканда, 19:30да өчүрүлөт. Ал эми үчүнчүдө ар жума күнү саат 19:00дөн тартып компьютерлер өз ишин токтотот. Мэриянын маалыматында, кызматкерлердин 67 пайызы компьютерлерин автоматтык түрдө өчүрүүгө каршылыктарын билдиришкен. Бирок бул демилге бардык кызматкерлерге тийиштүү.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея - дүйнөдөгү иш убактысы узакка созулган мамлекеттердин катарында. 2016-жылдагы изилдөөдө аталган өлкөнүн кызматкерлери европалык жумушчулардан орто эсеп менен 500 саатка көбүрөөк иштей турганы аныкталган. Ал эми март айынын башында Түштүк Кореянын парламенти иш жумасын 68 сааттан 52 саатка чейин кыскартууну колдогон. Бул мыйзам июль айынан тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ziash85
2018-03-23 18:29:20
А бизде тескерисинче го.майрам күндөрү дем алыш күнгө туура келип калса ошонун эсебинен башка күнү эс алабыз
+2
aksy94
2018-03-23 19:39:14
Жумасына 52саат болсо соонунго
-1
maks94.kb
2018-03-23 19:50:22
aksy94,танкы 8.00 кечки 17.00 чейин экенда эгер 5 кундук болсо жумуш убактысы эмнеси жакшы
+2
econom313
2018-03-23 20:22:29
aksy94,бизде 40 саат туугандар.
+2
bazarkyl
2018-03-23 20:58:19
Мен жума күнү беш боло электе эле кетип калам, мына сага кызык алар ошондо иштейбиз деп, алар өнүкпөгөндө ким өнүгөт.
0
Lina
2018-03-25 19:07:48
Мен бухгалтер болуп иштейм тунку саат 12ге чейин иштейбиз йлык бериле турган 5кун ичи автоматтык очуруу бизге келсе кана.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан