Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамы менен алгачкы поезд кечээ, 23-мартта Бишкек шаарына саат 19:00дө келип токтогон. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына "Кыргыз темир жол" ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандан келген 77 адамдан турган делегациянын курамын темир жолдо иштеген кызматкерлер, ардагерлер түзүшүп, алар менен катар жүргүнчүлөр да келишкен.
"Аларды "Кыргыз темир жол" ишканасынын жетекчиси баштаган топ тосуп алган. Поезд Бишкекте жарым саат турган соң Балыкчыга барып, бүгүн эртең менен борбордо болгон. Бүгүн саат 9:50дө поезд Ташкентке жүрүп кетти. Алгачкы каттам болгонуна карабай жүргүнчүлөр көп. Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамын жүргүзүү эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү менен ишке ашты. "Өзбек темир жолунун" жүргүнчүлөрдү ташыган поезди жумасына Кыргыз өлкөсүнө бир ирет каттайт. Билет баасы бир апта мурун алса плацкарт вагонго 2 930 сом, купе вагонго 3 990 сом, люкс вагонго 7 410 сомду түзөт. Эгер билет жол жүрө турган күнү алынса 1 000 сомго кымбаттайт", - деп билдиришти.