"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мугалимдер окуу жайда мас болуп жүрүшөт" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Видеодо эркек менен аялдын айтышып жатканын көрүүгө болот.
Эркек киши: "Билим берүү мекемесинде болсоңор деле иче бересиңерби?" - деп сурайт.
Аял: "Биздин иш күн 4:45ке чейин. Андан кийин мен мугалим эмесмин, жөн гана аялмын. Менин күйөөм бар, бойдок катын эмесмин", - деп жооп кайтарат.
Эркек: "Кандай болгон күндө да мугалим эмессизби?" - деп сурайт.
Аял: "Мен мас болуп сабакка барып же сабак өтпөй жаткан жерим жок" дейт.
Окурман билдиргендей, видеодогу аялдар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери. Ошондой эле ал мугалимдер мас болушуп, бирөөнү сабап, телефонун сындырып койгондорун кошумчалады.