Түркияда каза болгон Кыргыз кызынын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө эртең алынып келет

Түркияда каза болгон 26 жаштагы Кыргыз кызынын сөөгү Кыргыз өлкөсүнө эртең, 25-мартта алынып келет. Мындай маалыматты бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгүн алып келүүгө Кыргыз элчилиги, Кыргыз диаспорасы, агасынын Измирдеги тааныштары жардамдашты. Ал эми туугандары бара алышкан эмес.

Эске салсак, кыздын жансыз денеси 19-мартта эртең менен саат 9:40 чамасында Памуккале районундагы унаа жолунан табылган. Ал 1992-жылы туулган кыргыз кызы Ж.кызы Ы. болгон. Учурда бул боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Ал эми чет элдик басылмалар маркум кыз муунтуп өлтүрүлүп, андан соң үстүнөн унаа тебелеп кеткенин жазышкан. Окуядан алыс эмес жерден каза болгон кызга таандык паспорт жана уюлдук телефон табылган. Анын жансыз денесин эртең менен талаадан келе жатышкан адамдар көрүп, полиция кызматына кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Paprikafm
2018-03-24 13:48:36
Кече эле башка версиясы журот элего, уйго жеткирип коёюн деп
-1
Azatbek83
2018-03-24 14:18:15
Арак ичип сигарет насвай чеккен эркектер менен кантип мамиле куруп өбүшөсүңөр тийесиңер кыздар?!Эртең ажырашууга ушул себеп болот!Ичкен чеккен киндигин көрсөткөн кыздарды кантип аласыңар балдар алар кантип балдарга тарбия бере алат?!Ичкиликктин аягы ушул болот! Байкуш жаткан жери жайлуу топурагы тоолуу болсун жакындарын кайгысын бирге бөлүшөм!
-3
Batma08
2018-03-24 15:26:55
Azatbek83,кудайдын буйругуда ким кимге тийет же алат жалгыз алла билет
+1
Azatbek83
2018-03-24 16:41:11
Batma08,Адам аракет кылыш керек болбойт экен деп олтура бербей! Жараткандын аты чоң тамга менен жазылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан