Маалыматка ылайык, изилдөөнү Израилдеги белгилүү окуу жайлардын бири Тель-Авив университетинин окумуштуулары жүргүзүшкөн.
Алардын айтымында, жай мезгили 4 айдан 6 айга чейин созулушу ыктымал. Мындай көрүнүш адам баласынын жашоо-тиричилигинен улам бөлүнүп жаткан газдардын көптүгүнөн келип чыгууда.
"Мээ кайнаткан ысык, жаандуу күндөр Израиль, Египет, Ливан жана Түркия мамлекеттерине узагыраак болуп, 2100-жылга чейин бул аймактарда жай 5 айга чейин созулушу ыктымал", - дешет окумуштуулар.