Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова 1959-жылы 25-мартта Аламүдүн районунун Стрельников айылында туулган. Ал 1982-жылы Москва мамлекеттик университеттин тарых факультетин, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
- 1983-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу;
- 1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты;
- 1986-1990-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин КПССтин тарыхы кафедрасында окутуучу;
- 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин окутуучусу;
- 1995-1999-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин миграция департаментинин директору;
- 1999-2002-жылдары "Миграция жана качкындардын маселелери боюнча регионалдык борбор" коомдук фондусунун директорунун орун басары;
- 2002-2015-жылдары "Адилет" укуктук клиникасы коомдук фондусунун директору;
- 2015- жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал 2016-жылдын башында депутаттык мандатын тапшырган.
25-мартка карата жылнаама.