Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча Дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча Дүйнө чемпиону жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Карпов менен кечээ, 24-мартта жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Анатолий Карповго Кыргыз мамлекетине кезектеги келиши жана президенттин кубогуна балдар арасында шахмат боюнча V мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент мелдеш өлкөдөгү шахмат оюнун өнүктүрүүгө маанилүү дем бергенин жана шахмат боюнча Дүйнө чемпиону Анатолий Карповдун экинчи жолу катышуусу мелдештин популярдуу болуп баратканынын далили экенин белгиледи.

"Сиздин колуңуздан сыйлык алган балдар үчүн бул эстен кеткис окуя болот", - деп белгиледи президент.

Шахмат боюнча Дүйнө чемпиону Анатолий Карпов мамлекет башчы менен болгон баарлашуу учурунда Кыргыз өлкөсүндө шахматка болгон өзгөчө балдар арасында абдан чоң кызыгуу байкалып жатканын белгиледи.

"Шахматка кызыгуу аябай өстү. Былтыр турнирге 250 бала катышса, быйыл алардын саны 400гө жетти. Булардын ичинде эң эле кичинекей, татынакай балдар бар. Ийгиликтер да бар, бир бала Дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунду ээледи. Кыргыз мамлекетинде абдан таланттуу балдар бар. Мен алардын мындан аркы өсүшүнө жардам беребиз деп ойлойм", - деди Анатолий Карпов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
taalay25
2018-03-25 10:49:50
Карпов, Каспаров тируу легендалары шахматтын
0
Adiletia
2018-03-25 12:04:18
Эми аша менен жолуксаңыз жакшы болмок. Анан ашага кылмыш ишин козгоону унутпаңыз
+1
surgeon777
2018-03-25 18:37:13
Adiletia,Атамбаем кетсе да ХХХХХХХХХХХХХ
-1
Azat.97
2018-03-26 00:53:31
surgeon777,Тууура +++++++ ХХХХХХХХХХХ
-1
Kojo1995
2018-03-26 09:15:46
Azat.97, ХХХХХХХХХХ
0
admin_media
2018-03-26 10:19:30
surgeon777, Kojo1995, Adiletia, Kojo1995,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
Билдирүүлөр түзөтүлдү!
0
Kojo1995
2018-03-26 09:14:36
Adiletia,
Туура айтасың.ХХХХХХХХХ
0
Rahim76
2018-03-25 13:51:50
Эмне деп койгонуну озун ташундунбу.
Карповдун Атамбаевге кандай тийешеси бар.
0
surgeon777
2018-03-25 18:38:33
Rahim76,айтпаныз ХХХХХХХХ
-2
Adiletia
2018-03-26 01:35:14
Rahim76, ХХХХХХХХХ кыргызстанды карызга батырып тоноп кетсе деле баарыбирда. ХХХХХХ ХХХХХХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан