"Ата Мекен" фракциясынан депутат Искандер Гайпкулов 1966-жылы 25-мартта Араван районунун Мангыт айылында туулган. Ал Казак мамлекеттик академиясынын каржы жана насыя адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-жылы Араван районунун каржы бөлүмүнүн инспектору;
1986-1990-жылдары Ош облусунун каржы башкармалыгынын ревизор-инспектору;
1990-1991-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору;
1991-1992-жылдары Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы;.
1992-1993-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;
1993-1996-жылдары Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;
1996-1999-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;
1999-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;
1999-2002-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;
2007-2009-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы.
2017-жылдын аягында Өмүрбек Текебаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.
25-мартка карата жылнаама.