Өзбекстанда окуучу кыз мугалиминен төрөдү

Өзбекстанда 15 жаштагы окуучу кыз мугалиминен төрөдү. Кыздын апасы баланы сатууга аракет кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы мугалим, 15 жаштагы окуучусун боюнда кылып койгон. Кыз бул тууралуу эч кимге ооз ачкан эмес. Анткени ал кош бойлуу болуп калганын өзү дагы түшүнгөн эмес.

5 айлык боюнда бар кезинде апасы байкап, кызын туугандарыныкына жиберген. Ал эми мектепке "өнөкөт невроз оорусунан айыгуу үчүн көп убакытка ооруканага жаткырылды" деп айткан.

Териштирүүдө ачыкталгандай, кызы төрөгүчө энеси баланы сатуу үчүн кардар издештире баштаган. Бир таанышы чалып, жакшы жашаган үй-бүлөнүн баласы жоктугун айткан. Кыздын апасы ымыркайды ошол үй-бүлөгө сатуу учурунда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Сот кыздын апасын 8 жылга, кыздын өзүн 3 жылга, мугалимди 3 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
raykray
2018-03-25 11:08:06
Эмнеге зордуктаганга 3жыл элеби? Зато бобокту торотуп-таштандыга ыргытканча бироого бериптир,кызында кийинки жашоосуна да ойлоптуп
+38
langar
2018-03-25 11:08:54
Озбекистан дейт
+3
aiba-889290
2018-03-25 11:12:14
langar,Озбекстан болсо керек деп журо бериптирбиз даааа биз,корсо Озбекистан экен.
+19
Nanei
2018-03-25 11:20:15
Байкуш кызды апасын соттобой эле коюшса болмок,аял киши кайра ушинтип куноолуу болуп калат тура,зордукталса деле,олорчо таяк жесе деле аял куноолу
+17
Begimay.emir1
2018-03-25 11:35:36
Апасы кызы менен небересине жакшы жашоо каалаганда... коп жыл берилиптир
+8
Ayida
2018-03-25 14:32:09
Begimay.emir1,жакшы жашоо каалагыча жакшы конул бурса тарбия берсе болмок
-2
Begimay.emir1
2018-03-25 22:22:02
Ayida,Ким эле кызын жаман болсун деп тарбия берсин.... Ойлонбой эле жаза бересинби. Муну жашоо деп коет.Алла ар кандай сыноо берет
+1
Omurbek998
2018-03-25 11:54:39
Мыйзам иштейтта
+1
al-abu-kinesz
2018-03-25 12:15:16
Сталинизмдин калдыгы бар экени байкалып турат..
+5
Baku88
2018-03-25 12:42:42
Сразу эле сатканга шашпай биринчи мугалимге чара көрсө болмок экен
+5
Ayida
2018-03-25 14:28:47
Энеси конул буруш керек эледа. Экинчиси сатпай эле багып алганга бериш керек эледа.Анан мугалимди кобуроок соттош керек эле.Кыз шок болгон озуно озу кылды
+1
Ayida
2018-03-25 14:30:11
Эгер кыздын куноосу жок болгондо да мейли эле. Кыз 100%куноокор мугалим зордуктап койсо апасына ошол куну айтат эле значит абийири жок кыз апасы дагы
+2
Ayida
2018-03-25 14:30:28
Ошол учун энесин коруп кызын ал дейтда
+2
Nevestkaa
2018-03-25 14:44:42
Мыйзамы иштейт экен да,бизде кагаз түрүндө иштейт иш жүзүндө иштебейт го.
0
Beka9393
2018-03-25 17:58:17
Nevestkaa,кагаз турундо болсо значит мыйзам иштеп жаткан болот.
Биздики ооз эки турундо иштейт оозу менен эле айтат ошол бойдон унутулатда.
+1
KGstan1981
2018-03-25 15:06:07
Озбекстанда мыйзам Кыргызстандагыдай тууган урук,тааныш билиш жана акачана карабайт.Кече Озбекстандан ТВсында корсотушту Ферганада эшектин этин саткандарды кармашып суурак алышып эми камалышат экен.Бизде болсо эсинердеби жанагы КТРКдагы журналистка эшектин этин саткандарды корсотуп койуп кайра озу жумушунан кеткен.
+6
Nevestkaa
2018-03-25 15:58:49
KGstan1981,кыргыздар эшектин этин жешет деп мазакташты эле өздөрү жеп калышыптыр да.Азыр кырк күндө келет деген чын окшойт.
+4
Pchelka85
2018-03-25 15:10:40
3 жыл??!!! Педофилге ьолгону 3 эле жылбы???!!!! Ужас!!!!! Эмне деген закон????? Биринчи очередь мугалимди соттош керек ьолчу, Экинчи чыккыс кылып....
+3
Pchelka85
2018-03-25 15:12:16
Баланы саткандан сактап, но тируулой жетимдиктен сактай албаган ал эмне деген закон?!!!
+2
Sezimim...
2018-03-26 00:13:32
Кунаажын козун сузгон кылып кызга куноо койгонго...Жашы жете элек кызды зордуктаган деп узак эле срок берсе болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан