"6 жыл ичинде 2 кыздын атасы болдум" дейт 6 жыл мурун "качан үйлөнөсүң?" деген суроо фобиясына айланган Чыңгыз Мырзаев

Мындан 6 жыл мурун, 2012-жылы 25-мартта Чыңгыз Мырзаев бойдокчулук менен коштошуп, ага-туугандан бата алып үйлөнүү тоюн берип, турмуш жолуна аттанган. Жубайы Надирабегим Нурдинова "Супер сулуу-2011" сынагынын финалчысы.

"Март айы мен жана менин үй-бүлөм үчүн жакшы айлардын бири. Себеби мындан алты жыл мурун келинчегим Надиранын колун сурагам. 24-мартта кыз узатуу болуп, 25-мартта үйлөнүү тоюбуз өткөн. Бир жылдан кийин 5-мартта тун кызым Нурайым төрөлгөн. Азыр беш жашта. Экинчи кызым Акмарал 2016-жылы 12-апрелде жарык дүйнөгө келген. Баары жакшы, бири-бирибизди толуктап жашап келе жатабыз. Бүгүнкү күндү ата-энем, үй-бүлөм менен дасторкон четинде белгиледик.

Надира кесиби боюнча стоматолог, азыр иштеп жатат.

Өзүм болсо мурункудай эле телеканалдардын биринде таңкы көрсөтүүнү алып барам. Кечинде буйрутмалар болсо тойлорго тамадалык кылам", - дейт Мырзаев.

Ди-джейдин жубайы Надирабегим Нурдинова 1993-жылы Чүй өрөөнүндө туулуп-өскөн. Ал Кыргыз-Орус Славян университетинде тиш доктурлукка окуп, кичине кезинен бери "Жаш кыял" бий ансамблинде бийлеп келген.

Үйлөнгөнгө чейин Чыңгыз Мырзаев "качан үйлөнөсүң?" деген суроо фобиясына айланганын айтып интервью да бергени эсибизде.

"Ушул суроо акыркы кездери менин фобияма айланды (күлүп). Үйгө барсам ата-энем, иште кесиптештер, сыртта достор, күйөрмандар дегендей. Кээде саламдашпай туруп "качан үйлөнөсүң?" дешкенде чекеме "ишиң болбосун" деп жазып алгым келет. Баягы "куйрук жейсиңби же буйрук жейсиңби?" дегендей, такыр эле сааты чыкпай жатат. Кудай аманчылык берсе, үйлөнүп, бала-бакыралуу болсом деген тилектерим күн санап күч алууда. Нике кайып деген бар эмеспи, элге “мен үйлөндүм” деп сүйүнчүлөчү күн деле алыс эместир", - деп "Супер-Инфо" гезитине 2012-жылы маек берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mina24
2018-03-25 18:07:12
Бактылуу болгула
+14
wirintai27
2018-03-25 18:44:08
Бири биринерге аябай жарашкан тугой экенсиздер.Бактылуу болунуздар.Кыздарыныздын ден соолугу чын болуп,омуру узаак болсун.Аллахым сиздерге куйумдуу Уул берсин.
+5
surgeon777
2018-03-25 18:51:45
Жубайы сулуу кыз экен,озгочо чачы,узун калын чач корсом эле жантыгыман жата калып карайм)))
+8
Pandora
2018-03-25 19:20:04
Бактылуу болунуздар!!! Аялы экинчи суротто Нияз Абдыразаковго окшоп калыптыр ))
+1
meni_kut
2018-03-25 21:20:00
Pandora,точна))
+2
Bazana
2018-03-25 20:50:08
Аялы татынакай экен
0
Lirka
2018-03-25 21:57:22
Мен биринчи суротун коруп Жылдыз Тутуева деп карасам фамилясы башка экен))
+1
Safiya91
2018-03-26 00:53:27
Рахмат супер инфо жамааты.
-1
Lilireinhart18
2018-03-26 09:13:37
Аялына караганда озу жакшынакай экен го
+1
Sagyn.91
2018-03-27 02:48:29
Бизге да Аллахым буйрусун, кооп кооп уул-кыздуу болгонду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан