8-март күнү Түркиянын Измир шаарындагы мейманканада өрт чыгып, андагы кыздар балкон аркылуу башка бөлмөгө өтүүгө аракет кылып, бирок жерге кулап кетишкен. 5-кабаттан кулап кеткендердин бири М.Ж. аттуу Кыргыз кызынын омурткасы сынып, ага операция жасалган. Учурда апасы Бактыгүл Макамбаева Түркиядагы ооруканада кызын карап жатат. Ал кызы белинен ылдый кыймылдай электигин, бирок тамак жеп, сүйлөп калганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Кызым тамак жеп, сүйлөп калды. Белинен ылдый кыймылдабайт. Белинен 2 жолу операция болду. 26-мартта башка ооруканага которушат, ал жактан ток менен дарылап жана массаж кылышат экен.
Мен Түркияга 15-мартта келдим. Кызым үй-бүлөдөгү жалгыз бала. Айрымдар сойку болуп иштечү экен деп жатышат. Түркияга кеткендин баары сойку эмес да. Менин кызым эч нерсеге жетише элек болчу. 18-декабрда келген, бир жерге пол жууганы жумушка кирсе ал жердин кожоюндары жакпай чыгып кетиптир. Анан Беларус кызы Инна экөө өрт чыккан "Алижан" деген мейманканасына жайгашып, убактылуу жашап, башка жумуш караштырып жатышыптыр. Уктап жатышканда өрт чыгып, секиргенге аргасыз болушуптур.
Кызым сойку болсо мейманкананын ээлери, "кызың өзү жаман деп" алдыма келип коюшмак эмес. Алар келип, акыбалын сурап, башка оорукана караштырып жатышат. Дарылоого кеткен каражатын Түркия мамлекети төлөп жатат.
Мейманкананы сотко берүү боюнча юристтер менен кеңешсем, "кызыңыздын ден соолугун ойлоңуз, басып алсынчы анан карайбыз" деп жатышат. Түркияга жол кирени араң таап келдим. Кызымды Кыргыз мамлекетине алып кетип дарылатканга каражат жагы жетишсиз болуп жатат. Кыргыз элинен жардам сурайт элем", - дейт кыздын апасы.
Белгилей кетсек, кырсык 8-март күнү "Алижан" деген мейманканада болгонун түркиялык басылмалар жазып чыгышкан. "Өрт чыккан маалда кыздардын бири балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган. Бирок колу тайып, 5-кабаттан кулап түшкөн. 506-бөлмөдөн чыккан өрт башка бөлмөлөргө тез жайылып кеткен. Өрттүн негизги себеби катары телефон жарылып кетип, бөлмөдөгү пардалар, төшөктөр, пластик терезелер күйүп, тез эле алоолонуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда мейманкананын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.