Бүгүн, 25-мартта Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат боюнча, 125 орунга 284 талапкер ат салышууда. Аталган өлкөдө шайлоого катышууга укугу бар 3 миллион 289 миң 879 жаран каттоодон өткөн. Шайлоонун жүрүшүнө 4 миң улуттук байкоочу, 40 чет элдик байкоочу көз салууда. Добуш берүү жергиликтүү саат менен 19:00дө аягына чыгат.