Түштүк Кореяда Нооруз майрамы белгиленди

25-мартта Түштүк Кореянын Сеул шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түштүк Кореяда окуган Кыргыз студенти Нурсултан Алтыбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны аталган мамлекетте билим алып жаткан Кыргыз студенттери уюштурду.

"Нооруз майрамы жылда Түштүк Кореянын ар бир шаарында өткөрүлүп келет. Быйыл Сеул шаарында Нооруз өзгөчө өттү. Биринчи жолу боз үй тигилди. Боз үй Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын жардамы менен тигилди. Иш-чарада улуттук, эл аралык, интеллектуалдык оюндар орун алды. Таланттуу балдарга, кыздарга, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды. Элчи Кылычбек Султан иш-чаранын аягына чейин катышты", - дейт ал.

Ал боз үйдү элчи Кылычбек Султан атайын Кыргыз диаспорасы үчүн Кыргыз мамлекетинен сатып алып келип берди. Боз үй уста Төлөсүн Бектемировдун колунан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
surgeon777
2018-03-25 19:02:48
Кылычбек агай кайда барбасын гулдотот го чиркин) Коп жашаныз,арыбаныз,сиздей инсандар жетекчилер коп болсун кыргызымда.
+6
suyor
2018-03-25 19:33:07
surgeon777,Кылычбек жокто деле жылда откоруп келгенбиз, буюрса мындан кийинда откоробуз.
+4
jaka92
2018-03-25 19:10:11
Президент болсо эки колумду которуп шайлайт элем.
+3
Mirlan27011987
2018-03-25 20:11:52
Эн жакшы болуптур. Кайда журсок да кыргыз экенин унутушпай.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан