Бириккен Араб Эмираттарында өткөн "Fashunity 2018" жарманкесинде Кыргыз өлкөсүнүн диаспорасы 2-орунду алды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Дубай шаарында өткөн көргөзмөгө 15тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Кыргыз диаспорасы жарманкеде Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу маалымат берип, улуттук спорт оюндары жана маданий өзгөчөлүктөр көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында Филиппин өлкөсү биринчи аталып, Кыргыз өлкөсү 2-орунду ээлеген.
"Иш-чаранын негизги максаты - ар кайсы улуттун каада-салты, маданияты менен таанышуу жана туристтик потенциялын көрсөтүү", - деп жазылат маалыматта.