Бүгүн Египетте президенттик шайлоо башталат

Бүгүн, 26-мартта Египетте президенттик шайлоо башталып, ал 28-мартка чейин созулат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, шайлоодо чоң атаандаштык эки талапкердин ортосунда болушу күтүлүүдө. Алардын бири Египеттин учурдагы 63 жаштагы президенти Абдель Фаттах ас-Сиси болсо, экинчиси "Аль-Гад" ("Эртең) партиясынын лидери 65 жаштагы Муса Мустафа Муса. 3 күнгө созулган шайлоонун жыйынтыгы 2-апрелде белгилүү болот. Эгер эки талапкер тең жетиштүү упай топтой албай калышса, 24-26-апрелде экинчи тур өтүп, анын жыйынтыгы 1-майда билинет. Шайлоону 63 коомдук жана гуманитардык, 9 эл аралык уюмдар көзөмөлгө алышат.

Белгилей кетсек, Египеттин учурдагы президенти экинчи мөөнөткө бара тургандыгын ушул жылдын январь айында билдирген. Учурда египеттиктер шайлоо таза өтө турганына үмүт артышканы менен, баары бир учурдагы президент жеңишке жетиши мүмкүн деген божомолдор айтылып жатканын жергиликтүү басылмалар жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан