Орусияда соода борборунан чыккан өрттөн 37 адам каза болду

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн 37 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аттуу соода борборунун 4-кабатынан чыккан. Кийин өрт балдар аянтчасы менен кинотеатрды каптаган. Анын кесепетинен 37 адам курман болгон, алардын тогузу жаш балдар экени айтылууда.

Андан сырткары, 36 адам өрттүн кесепетинен ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түшкөн. Дагы 64 адам дайынсыз болуп жатканы жазылууда. Басылмалардын маалыматына ылайык, алардын кырк бири балдар.

Тилсиз жоо Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дөр чамасында башталып, түндө саат 2лер чамасында толук өчүрүлгөн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен аталган өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экенин тактоо иш-аракеттери жүрүп жатканын кабарлашты.

Кемеровадагы өрт
Кемерово шаарындагы өрттүн башталышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Zainidin96
2018-03-26 08:48:05
Ииий жаман болуптурго кыргыздар жок эле болсо екен еми жайлары жаннатьан болсун жакындарына сабыр
+6
momun74
2018-03-26 08:56:13
ии бир жерге баргандан коркуп калдыкко орт коопсуздукту эске алып анан курулуш кылса жакшы болмок баары жогун пластик болуп тез куйуп кетчуу боодуго
+8
nelya88
2018-03-26 09:04:36
Балдарга жүрөгүм ооруду.. Бейкапар, оюнга тойбой жүргөн кездеринде заматта минтип өрт жалмап кетти.. Аябай өкүнүчтүү
+10
vavilon.
2018-03-26 09:07:16
Техникалары күчтүү экен. Каза болгондор жайы бейиште болсун!
+4
Aidana94
2018-03-26 10:53:37
Дайынсыз жоголгондорго эмне болду, тируу элеби? Же кандай?
+2
admin_media
2018-03-26 12:18:54
Aidana94,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
raykray
2018-03-26 12:14:22
Туугандар тундо болгон болобу орт?
+2
Berliane123454
2018-03-26 13:02:24
raykray, жок, 17:00 дордо, 03:00 до ортту очургон
0
KOCMOC
2018-03-26 17:07:34
Каза болгондор 170+- деп журот го. Эхх, жаман болуптур. Журогум ооруп кетти, копчулугу жаш балдар экен ((
+1
remi.005
2018-03-27 18:27:09
Коруп алып ыйладым. Каза болгондордун жакындарына сабыр тилейбиз,жайлары жаннаты болсун,байкуш куноосуз балдар жанылыктарда коргон сайын журогун эзилет....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан