Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин сүрөтү көпчүлүккө белгилүү "Time" журналынын башкы бетине жарыяланды. Кызыгы сүрөттө президент башына таажы кийип турат. Журналдын башкы бети аталган басылманын расмий сайтына жарыяланган.
Маалым болгондой, журналдагы башкы макала орус жазуучусу жана журналист Михаил Зыгардын "Владимир Путин кантип бийиктикте калууну пландоодо" деген аталышындагы макаласы болмокчу. Журнал 2-апрелден тартып сатыкка чыгат.
Белгилей кетсек, атактуу адамдардын рейтингин жарыялап турган "Time" журналынын 4 версиясы бар: америкалык, европалык, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жана Тынч океан региондорунда жарык көргөн түрлөрү. Путиндин сүрөтү америкалык басылмадан башкаларынын баарына чыгат.