Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда кайрымдуулук акциясы өттү. Иш-чара облустук казыят тарабынан уюштурулганын муфтияттан кабарлашты.
Аталган үч райондон жалпы 220 миң 500 сом чогултулуп, ал 140 муктаж үй-бүлөгө акчалай жана азык-түлүк иретинде таратылып берилди.
Белгилүү болгондой, мындай кайрымдуулук акция жакынкы арада Талас районунда жана Талас шаарында да өткөрүлөт.