Кытайда дарыгерлер 11 жаштагы баланын 3-бутун операция жолу менен алышты

Кытайда дарыгерлер 11 жаштагы баланын 3-бутун операция жолу менен алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын түндүк-батышында жайгашкан Синьцзянь автономдук районунда жарык дүйнөгө келген Сяо аттуу балага операция жасалып, анын ашыкча 3-буту алынган.

Белгилүү болгондой, операция Шанхайдагы коомдун саламаттыгын сактоо клиникасында жасалып 10 саатка созулган. Сяонун ашыкча мүчөсү анын аягына чейин өрчүбөй калган эгизиники болгон.

"Мен баламдын ашыкча мүчөсү бар экенин билген эмесмин. Анткени биз алыскы айылда жашагандыктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Сяо төрөлгөндөн тарта өлкөнү кыдырып операция жасап берчү дарыгерлерди издеп келгенбиз. Эми минтип балабызга операция жасалып отурат", - деп билдирген баланын апасы.

Хирург баланын абалын оор деп баалаган. Буга карабастан Сяого жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Ашыкча мүчөсүнөн сырткары Сяо жүрөк кемтиги менен төрөлгөнүн дарыгерлер аныкташкан.

Оорукананын башчысынын айтымында, Сяо эми башка балдардай эле өмүр кечире алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurkyz1977
2018-03-26 09:41:38
3чу буту алынды деп жазсанар боло 3 буту алынды дебей.
-20
tatum67
2018-03-26 10:00:35
Nurkyz1977, 3-буту дебегенде эмне 4-буту деп турабы?)) Же "-"ни кошуп окуганды билбейсиңби?
+9
almanbetperm
2018-03-26 10:09:20
tatum67,эми не кыласынар, мектепти коридордо бутсо анан
+16
guli-1980
2018-03-26 16:39:12
Nurkyz1977,3тон кийин тире турбайбы. Тире чу чи деген мучону билдирет
0
aizira
2018-03-26 09:47:55
3-буту деп эле турат го
+3
Zainidin96
2018-03-26 10:20:15
Эн башкысы операция ийгиликтуу болуптур анын эмнесин талкуулайсынар еми
+3
Azatbek83
2018-03-26 10:49:07
Ден соолугу чың өмүрү узуун болсун! Апасы жоолук салынып алыптыр жакшынакай жарашып калат экен. Жоолукчан аялдар дүйнөдө эң сулуу акылдуу ыймандуу аялдар болот! Илгери динге карабай баардык аялзаты тегиз башына жоолук салынып кенен көйнөк кийинип жүрүшкөн окшойт баары ыймандуу болушуп! Азыр чыпташкан штан футболка жыртык джинсы чачы абсайган тамеки алкоголь жыттанган. Бирдемке десе Араптыкы дешип өздөрү каапырлашып кеткенин да билбей калышкан!!!
+11
i1urp
2018-03-26 13:01:17
Azatbek83,
Озуно жаккан кийиминди кийебер бироого уйротпой. Дини жок деле кунубуз отот.
-5
Beks.Kasymov
2018-03-26 14:28:20
i1urp,ХХХХХХХХХХХХ
0
Pipis17
2018-03-26 19:54:19
i1urp,дини жок кунубуз отот дегенин кандай?
0
samina86
2018-03-26 12:22:15
Azatbek83 туура айтасыз ..........!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан