"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Унааны өзү жалгыз сүйрөгөн аял" аталышындагы видео жүктөлдү.
Маалым болгондой, видео Казакстандын Актөбө шаарында тартылган. Анда орто жаштагы аял өзү жалгыз Нива үлгүсүндөгү автоунааны 2 аркандын жардамы менен белгилүү аралыкка чейин сүйрөгөн. Учурда аталган видео интернет айдыңына кеңири тарап, коомчулук арасында ар түрдүү талкууларды жаратууда. Тактап айтканда, айрым колдонуучулар аялдын күчүнө таң калышса, кээ бирөөлөр унаа сүйрөгөн адам аял эмес, эркек болушу мүмкүн экендигин, анткени видеодо анын жүзү толугу менен көрсөтүлбөгөндүгүн жазышкан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.