Мыктыбек Оролбай уулу ММА боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону аталды

Кыргыз мушкерлери Орусияда өткөн ММА боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Аталган мелдеш 24-25-март аралыгында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп, анда 9 өлкөнүн мушкерлери күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз мушкерлер 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышкан.

Мыктыбек Оролбай уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алтын медалдын ээси болсо, 56 килограммга чейинки салмак ченинде Муродилжон Турсинов жана 70 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жаныш Ураим уулу күмүш медалдарды тагынышкан. Ал эми 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Адилет Адиев коло медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Han1111
2018-03-26 12:08:37
Жакшы жанылык, азаматсын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан