"Евровидение" сынагынын эң алгачкы жеңүүчүсү Лиз Ассия каза болду

24-мартта белгилүү швейцариялык ырчы, "Евровидение" ыр сынагынын эң алгачкы жеңүүчүсү Лиз Ассия 94 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал 1956-жылы жогоруда аталган сынакка "Refrain" аталышындагы чыгармасы менен катышып, жеңүүчү аталган. Андан соң 2 жыл катары менен кайрадан катышып, 1957-жылы 8-орунга ээ болсо, 1958-жылы "Giorgio" аталышындагы ырды аткарып, 2-орунду ээлеген.

Лиз Ассия 1924-жылы Швейцарияда туулган. Карьерасын алгач бийчи катары баштап, андан соң ырчылыкка киришкен. 2005-жылы "Евровидение" сынагынын 50 жылдыгына арналган кечеде ырдаган. 87 жашында кайрадан өз өлкөсүнүн атынан аталган сынакка катышып көрүүнү чечкен. Бирок өлкөдөгү тандоо турунан өтпөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janym_ata_enem
2018-03-26 14:19:46
Жайы жанаттан болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан