Өлкөнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн, аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн, саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Анда аскердик кызмат өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйгандарга милдеттүү камсыздандыруу төлөп берүү каралган.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү жыйынында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин берген маалыматына ылайык, аталган демилгени ишке ашырыш үчүн бюджеттен 25 миллион сарпталат.
"Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, аскерде милдет өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйган аскер кызматкерлерине милдеттүү камсыздандыруу төлөнүп берилбейт. Бирок алардын ата-энелери же жакындары баласы башкалар сыяктуу милдет өтөп жүрүп каза болгонун айтып, камсыздандыруу төлөп берүү боюнча кайрылып келишет. Ошондуктан биз баарына бирдей төлөп берүүнү сунуштап жатабыз. Ал үчүн бюджеттен 25 миллион сом керектелет", - деди Кедеев.
Бюджет жана финансы комитети суроо-жооптон соң сунушталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.