Бүгүн, 26-мартта продюсерлер: Ассоль Молдокматова, Талант Апыев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова, актриса Айнура Акылбекова жана актёр Руслан Курманалиев, Санжарбек Сабыржан уулу маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Жамиля" повестинин спектакли 29-мартта өткөрүлөрү айтылды.
Уюштуруучулар билдиргендей, аталган "Жамиля" спектакли бүгүн жаштар театрында эксперттердин сынына, ал эми 29-мартта жалпы элдин назарына коюлат. Театрлаштырылган чыгармага Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев 30га чукул композиция жазган. Спектакль бир гана Кыргыз жергесинде эмес, Түркияда, Непалда жана башка өлкөлөрдө коюларын билдиришти. Ошондой эле спектаклди коюу үчүн атайын эки чыгармачыл топ дайындалып, бири чет өлкөнүн сахнасында көргөзөрүн маалымдашты.
Маалымат жыйында, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова: "Театрда иштеп аз болсо да акча алып жатам. Бекер эле акча ала бербей эмгектенишим керек дедим. Анын үстүнө быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы эмеспи. Мен жазуучунун чыгармалары менен чоңойгом, театрлаштырылган чыгармаларында роль жараткам. Ошондуктан "Жамиля" повестин театр талаасында жаш таланттардын аткаруусунда алып чыккым келди. Менин демилгемди колдогондор да, тоскоолдук кылгандар да болду. Бирок кыйынчылыктарга карабастан баарын жеңдик", - дейт.
Продюсер Талант Апыев: "Идеяны Назира Мамбетова сунуштаган. Дүйнөгө таанымал чыгарма болгондуктан дал ушул чыгарманы театрлаштырууну туура көрдүк. Спектаклдин келечеги кең, ийгиликтүү болорунан күмөнүбүз жок", - деп билдирди.
Аталган спектаклде Жамилянын ролунда жаш актриса Айнура Акылбекова, Даниярдын ролунда актёр Руслан Курманалиев, ал эми Сейиттин образын Санжарбек Сабыржан уулу ачып беришет.
Ошондой эле уюштуруучу топ спектакль коммерциялык максатта уюштурулбаганын, билеттер сатылбай турганын айтышты.