"Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сактоо керек" дейт Назгүл Турдубаева

"Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сактоо керек", - деп бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында Аялдардын жана балдардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү Назгүл Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы жаш балдар кибер чабуулунан сакталган эмес. "Балдар ар кандай порнографиялык сайттарга кирип жатышат. Бизде эле эмес, бүт дүйнөдө виртуалдуу түрдө сүйлөшүү күч алууда. Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сакташыбыз керек", - деди Турдубаева.

ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Гүлжигит Эрматов билдиргендей, дүйнө жүзү боюнча 1 миллиондон ашык балдар зомбулукка кабылат. "Алардын төрттөн бирине физикалык күч колдонулган. 73 пайыз балдар үйүндө кысымга кабылса, 83 пайызы мектепте кабылат. Күн сайын 173 миң жаш балдар интернетке катталат. Кыргыз мамлекетинде интернет колдонгондордун 36 пайызы өспүрүмдөр жана жеткинчектер", - дейт Эрматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2018-03-27 11:53:01
Мен колдойм, эн туураа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан