Алдын ала маалыматтар боюнча Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Акыркы маалыматтар боюнча Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн баш-аягы 37 адам каза болуп, 44 адам жаракат алган. Учурда ал өрт боюнча кылмыш иши козголуп, каза болгон адамдардын аты-жөнү такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Каза болгон адамдардын арасында Кыргыз жарандары жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, кечээ, 25-мартта Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунан өрт чыгып, 37 адам каза болгон.