Акыркы 5 жыл аралыгында аскердик милдетин өтөө учурунда 13 аскер кызматкери каза болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 26-марттагы жыйынында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев билдирди.
Жыйында "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн, аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн, саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланып жатат.
Кедеевдин айтымында, каза болгондордун баарынын ата-энесине милдеттүү камсыздандыруу төлөнүп берилген.
Талкуу учурунда депутат Бактыбек Райымкулов Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейиндеги көйгөйлөргө токтолду. Депутаттын белгилешинче, лицей акыркы жылдары таптакыр каралбай жатат.
"Биз барып көрүп келдик. Лицей Дайыр Асанов өзү бар учурда абдан жакшы абалда болгон, азыр таптакыр каралбай калыптыр. Мугалимдердин күчү да мурдагыдай эмес. Анын үстүнө бассейни да жеке жактарга коммерциялык негизде ижарага берилип кетиптир. Ал бассейн ошол жерде окуган балдар үчүн иштеш керек. Карап чыгып кайтарып алгыла", - деди Райымкулов.
Нурсеит Кедеев маселе менен терең таанышып, андан соң жооп берерин убада кылды.