Аскердик соттун мурдагы башчысы Нурлан Ашымбековго издөө жарыяланды

Аскердик соттун мурдагы башчысы Нурлан Ашымбековго издөө жарыяланды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ашымбеков өзүнүн үстүнөн жүрүп жаткан соттук отурумдарга келбей койгонунан улам ага издөө жарыяланган.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Аскердик соттун мурдагы төрагасы Ашымбековго 50 миң доллар пара алган деп Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап пара талап кылуу" жана "пара алуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 21-сентябрында Ш.Б жана К.Б. аттуу жарандар Нурлан Ашымбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылган. Анда Ашымбеков айыпталып жаткан Д.Д. аттуу жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп, өкүм чыгарууда анын пайдасына чечим кабыл алуу үчүн опузалап акча талап кылып, 50 миң доллар өлчөмүндө пара алганы айтылат. Ашымбековдун кызматтык ыйгарым укуктары 2016-жылдын ноябрь айында токтотулуп, кызматтан алынган.

Бул иш боюнча Ашымбеков 2017-жылдын февраль айында кармалып, үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан